Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы тарабынан 2022-жылдын 30-ноябрында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Органикалык аймактарды уюштуруунун негиздери жана анын алкагында аткарылуучу иштер жѳнүндѳ» жолугушуу ѳткѳрүлүп, ага Нарын районундагы айыл ѳкмѳт башчылары жана айыл кеңештеринин ѳкүлдѳрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндѳ «Органикалык аймак деген эмне, ал кандай жол менен уюштурулат, анын алкагында аткарылуучу иштер тууралуу» кеңири баяндама берилип, талкууга алынды. Айыл жерин комплекстүү ѳнүктүрүүгѳ багытталган «Органикалык аймак» долбоору катышуучулардын кызыгуусуна татып, Нарын районунун аймагында органикалык айыл чарбасын жайылтуу жана аймактарды уюштуруу максатында Нарын райондук мамлекеттик администрациясы менен Био-KG органикалык кыймыл Федерациясынын ортосунда ѳз ара кызматташуу Меморандуму кабыл алынды.
Нарын районундагы Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 28-октябрындагы XIII-сессиясынын №13/5-токтомунун негизинде Чет-Нура органикалык аймагы уюштурулган. Мына ушуга байланыштуу Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы 2022-жылдын 1-декабрында Орто-Нура айылында Чет-Нура айыл аймагынын активи жана жергиликтүү фермерлер менен жыйын ѳткѳрүп, «Органикалык айыл чарбасы жана органикалык аймакта аткарылуучу иш-чаралар жѳнүндѳ» кеңири маалымат берди. Айылдык фермерлер органикалык айыл чарбасын жүргүзүү үчүн кызматташууга даяр экендиктерин, окуп-үйрѳнүү үчүн атайын максаттуу топторду түзѳ тургандыктарын билдиришти. Органикалык аймактын ишин уюштуруу жана ѳнүктүрүү максатында Чет-Нура айыл ѳкмѳтү менен Био-KG органикалык кыймыл Федерациясынын ортосунда ѳз ара кызматташуу жѳнүндѳ Меморандумга кол коюшулду. Органикалык аймактын чегинде аткарыла турган иштерди координациялоо жана фермерлерди мобилизациялоону уюштуруу үчүн айылдын активисти Мамырбеков Асылбекти жергиликтүү координатор кылып шайлап алышты.