Нарын районундагы Дөбөлү айыл аймагында 2022-жылдын 18-августунда BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясы тарабынан «Органикалык аймак жѳнүндѳ» Нарын областтык семинары уюштурулуп, өткөрүлдү.
Семинардын катышуучулары алгач баяндама түрүндө “Органикалык аймак жана биоартүрдүүлүк атласын уюштуруу жөнүндө” маалымат алышып, практикалык бөлүгүндө аткарылган иш-аракеттер менен жеринде таанышышты.
Аталган семинарга Нарын областындагы аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, фермерлер, Эл аралык “Ага Хан” фондунун өкүлдөрү катышты.
Областтык семинардын максаты «Органикалык аймак модели» Дөбөлү органикалык аймагында аткарылган иштердин мисалында тааныштыруу болду.
Семинардын практикалык бөлүгүндө катышуучулар органикалык аймактын фермери Жаналиев Алмаздын участогунда болуп, Дары чѳптѳрдү ѳстүрүү, питомник чарбасын жана ѳсүмдүктѳрдүн кѳп түрдүүлүгүн уюштуруу, тамчылатып сугаруу системасын иштетүү, кургатуу жабдууларын пайдалануу багытындагы аракеттер менен таанышышты. Мындан тышкары Орток жана Дөбөлү органикалык аймактарынын фермерлери тарабынан өндүрүлгөн азык түлүктөрдүн жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү менен таанышышты.
2022-жылдын 18-августунда Нарын районундагы Дөбөлү айылында өткөрүлгөн «Органикалык аймак жѳнүндѳ» Нарын областтык семинарынын катышуучулары органикалык аймакта аткарылып жаткан иштерди жогору баалап, “Органикалык аймакты” Нарын областы боюнча жайылтуу сунушун киргизишти. Талкуунун жыйынтыгы менен областтык жана райондук аткаруу бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Органикалык аймакты жайылтуу боюнча” семинардын катышуучуларынын атынан атайын кайрылуу кабыл алуу чечимине келишти.