"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

BIO-KG органикалык айыл-чарба департаментинин өкүлдөрү менен жолукту

BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясынын КР айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин органикалык айыл-чарба департаментинин жетекчилиги менен жолукту.

Айтылган департаменттин директору Жанаркан Бакирова келечекте органикалык аймактарды түзүү максатында кандай шарттарды аткарып, окуу ыкмалары тууралуу өз оюн билдирди. Анын билдирүүсүндө ОА ачыш үчүн көптөгөн каражаттар жумшалыш керек жана ишке ашырганда тажрыйбалуу органиктер менен биригүү керек.

КР айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин органикалык айыл-чарба департаменти 2020-жылы түзүлгөн. Учурда органикалык айыл-чарбага тиешелүү ар-тараптуу долбоорлорду ишке ашырууда.