Көргөзмө-жарманке Раззаков-Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде 20-22-октябрда “АГРОТЕХЭКСПО” Айыл чарба көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана органикалык айыл чарба департаменти менен биргеликте болуп өткөрүлдү.
Айлана-чөйрөгө жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тынчсыздануу өсүп, аң-сезимдүү керектөөгө жана туруктуу демилгелерге болгон суроо-талапты күчөттү. Көпчүлүк керектөөчүлөр туруктуу өнүгүү идеясына берилген бренддерди сатып алууну жана колдоону тандашат.
Органик ЭКСПО Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан органикалык жана табигый продукция өндүрүүчүлөрдү гана эмес, кайра иштетүүчүлөрдү, бизнести, “жашыл экономика” жана туруктуу өнүгүү активисттерин, бардык кызыкдар тараптарды бириктирген уникалдуу иш-чара болуп калды.
Көргөзмө-жарманке айыл чарбасындагы энергияны үнөмдөө сыяктуу маселелерге да токтолду. Көргөзмөдө ар бир фермерге энергия чыгымдарын азайтууга, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген мүмкүндүк берген эң заманбап жана натыйжалуу технологиялар жана ыкмалар көрсөтүлдү.
Органикалык жана табигый азыктарды өндүрүүчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкесин өткөрүү борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн гастрономиялык майрам катары салтка айланды.
Бул көргөзмө-жарманкеге органикалык аймактар, андан тышкары, ФОДдун өнөктөштөрү, Ага-Хан фондунун жана балчылар ассоциациясынын өкүлдөрү, “Дордой дары” коому жана башкалар өз азыктарын жана буюм-тайымдарын чыгарды.
Көргөзмө-жарманке дагы бир жолу керектөөчүлөрдүн ден-соолукка пайдалуу тамак-аш алууга болгон кызыгуусун көрсөттү.