"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

BIO-KG федерациясы Equator Prize сыйлыгына ээ болду

BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясы Equator Prize  12-чи Экватордук сыйлыгынын жеңүүчүсү болуп чыкты, айтылган премия жыл сайын БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН)   тарабынан бүткүл дүйнөнүн жергиликтүү жамааттарына ыйгарылат.   

Кыргызстан болсо жогоруда айтылган сыйлыкка биринчи жолу татыктуу болгон.

Кыргызстанда BIO-KG тарабынан 2014- жылдан бери ийгиликтуу ишке ашырылып келаткан  «органикалык аймактар» долбоору, анын концепциясы көп жылдардан бери химиянын кесепетинен жараксыз болуп бараткан айдоо жерлерди кайра калыбына келтирүү иш-чаралары жюринин кызыктыруусун жараткан.     

Органикалык аймактын  модели Кыргызстан органикалык айыл чарбага он жылдын ичинде толугу менен өтуу жөнундө мыйзамынын 2019-жылы чыгышына туздөн-туз таасир эткен.      

Бүгүнкү күндө органикалык аймактар Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облусттарында 23 айылды камтуу менен иш алып барышат, ал эми фермерлердин жалпы саны миңден ашып кетти. Айтылган моделге жараша дыйкандар жашылча-жемиш, дары-чөптөрду өстуруп, аймактарда биоартурдуулукту  өнуктуруп келет.       

Equator Prize сыйлыгын лауреаттары учун каралган байгенин суммасы – 10 миң АКШ доллар, андан тышкары женуучулор БУУнун абройлуу иш-чараларына катыша алат.      

Equator Prize  жеңүүчүлөрү126 өлкөдөн көз карандысыз техникалык консультативдик комитет тарабынан 600 номиналдан ашык көз карандысыз тандалып алынган, анын курамында дуйно жузуно белгилуу эксперттер турат.