"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

BIO-KG IFOAMдын жогорку сыйлыгына ээ болду

BIO-KG органикалык кыймыл федерациясы «органикалык аймак» долбоору үчүн IFOAM Asia тарабынан жогорку сыйлыгына Органикалык ардак медалына ээ болду.

Органикалык ардак медалы-2021 атуу конкурс жыл сайын өткөрүлүп, ага жыйырмага жакын өлкөлөр катышып келет.  

Бул жылы Кыргызстан менен бир катарда Кытай өлкөсү жогорку баага ээ болду – эки өлкөгө тең ардак медалдан тышкары 5000 доллар премия ыйгарылды.

IFOAM Asia органикалык федерациясына 22 азиялык өлкө мүчө катары кирет.

Кыргызстанга органика боюнча олколор арасында баш байге алып келген “органикалык аймак” долбоору 2014 жылдан баштай иш алып барат. Анын фермерлери жер-жемиш, дары-чөптөрдү өстүрүп, сүт азыктарын кайра иштетип сатыкка алып чыгат. Долбоордун концепциясы био- жана маданий ар-түрдүүлүктү сактап калуу.