"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

ЖАНЫЛЫКТАР

Бөкөнбаев айылында какты кургатуу боюнча мастер-класс өттү

2021-жылдын 10-августунда Тон районундагы Бөкөнбаев айылында Туура тамактануу багытындагы ийгиликтуу тажрыйбаларды жайылтуу максатында практикалык иш-чара откорулду. Анда Күн-Чыгыш органикалык аймагы айылдык кызмат көрсөтүү тобунун жетекчиси Шаршеев Мырзабек кургатуу жабдуусунда какты кургатууга даярдоо боюнча мастер-класс өтүп берди. Иш-чаранын катышуучулары АККнын иши менен таанышып, как кургатуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Кеңири окуу

Ferma Market түйүнүндө органикалык жашылчалар сатылып баштады

Бишкекте EcoMade компаниясы ачкан Ferma Market cоода түйүнүндө (фермердик продукцияга басым жасаган дүкөндөр тармагы) BIO-KG жетектеген органикалык аймактарынын бул жылдын жаны тушуму сатыкка чыкты. Ferma Market дүкөнүнүн продакт-менеджери Нурайым Темиралиева билдиргендей июнь айынын аягынан баштап июльдун ортосуна чейинки мөөнөттө  –“кызгылт” сортундагы помидор 223 кг, черри сортунда 29,5 кг көлөмүндө сатылган. Айтылган продукция Жаны-Жер органикалык аймагында […]

Кеңири окуу

BIO-KG федерациясы Equator Prize сыйлыгына ээ болду

BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясы Equator Prize  12-чи Экватордук сыйлыгынын жеңүүчүсү болуп чыкты, айтылган премия жыл сайын БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН)   тарабынан бүткүл дүйнөнүн жергиликтүү жамааттарына ыйгарылат.    Кыргызстан болсо жогоруда айтылган сыйлыкка биринчи жолу татыктуу болгон. Кыргызстанда BIO-KG тарабынан 2014- жылдан бери ийгиликтуу ишке ашырылып келаткан  «органикалык аймактар» долбоору, анын концепциясы көп жылдардан бери химиянын […]

Кеңири окуу

Дыйкандар багбанчылык жактан потенциалды жогорулатуу үчүн Ташкентке барып келишти

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунан тарта BIO-KG органикалык кыймыл федерацияcы USAID дин Борбордук Азияда жумушчу орундарын түзүү, атаандаштык, соода жүргүзүү долбоорунун колдоосу менен Өзбекстанга тажрыйба алмашуу жана маалымат топтоо үчүн тур уюштурган, ага Кыргызстандан он чакты бизнес-өкүлдөрү катышкан.     Коңшу өлкөгө иш сапарынын негизги максаты кыргыз фермерлеринин айыл чарбасындагы инновациялык ыкмалар тууралуу кабардар болуусун жогорулатуу жана мөмө […]

Кеңири окуу

BIO-KG IFOAMдын жогорку сыйлыгына ээ болду

BIO-KG органикалык кыймыл федерациясы «органикалык аймак» долбоору үчүн IFOAM Asia тарабынан жогорку сыйлыгына Органикалык ардак медалына ээ болду. Органикалык ардак медалы-2021 атуу конкурс жыл сайын өткөрүлүп, ага жыйырмага жакын өлкөлөр катышып келет.   Бул жылы Кыргызстан менен бир катарда Кытай өлкөсү жогорку баага ээ болду – эки өлкөгө тең ардак медалдан тышкары 5000 доллар премия […]

Кеңири окуу