"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Ferma Market түйүнүндө органикалык жашылчалар сатылып баштады

Бишкекте EcoMade компаниясы ачкан Ferma Market cоода түйүнүндө (фермердик продукцияга басым жасаган дүкөндөр тармагы) BIO-KG жетектеген органикалык аймактарынын бул жылдын жаны тушуму сатыкка чыкты.

Ferma Market дүкөнүнүн продакт-менеджери Нурайым Темиралиева билдиргендей июнь айынын аягынан баштап июльдун ортосуна чейинки мөөнөттө  –“кызгылт” сортундагы помидор 223 кг, черри сортунда 29,5 кг көлөмүндө сатылган. Айтылган продукция Жаны-Жер органикалык аймагында өстүрүлгөн жана жакын арада соода түйүнгө калемпирдин 2-3 сорту жеткизилет.     

Жалпы фермерлеринин айтуусунда бул жылы Нарын, Талас областтарындагы аймактарда климатка байланыштуу жашылча-жемиштердин өсүп жетилүүсү кечишип жатат, Ысык-Көлдө болсо май айында мөндүр жаап эрте чыга турган түшүм  болбой калган. Ушуга байланыштуу соода тармактарына же дүңүнөн сатуу иштери августтун ортосунан башталат.