Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ ) демилгеси менен Кыргызстандын ири өндүрүүчүлөрү жана сатуучуларынын катышуусунда тегерек стол өткөрүлүп ал жерде соодага түздөн-түз тиешеси бар айыл-чарба маселелери талкууланды.
Тактап айтканда, соода-сатык тармагына келген фермердик өнүмдөрдүн (эт, жашылча-жемиш) абалы жана алардын экологиялык тазалыгы менен өтүмдүүлүгү актуалдуу экендиги айтылды.
Бул жолугушуу GIZ коомунун «Жашыл экономика жана Кыргызстандагы менчик өндүрүш тармагын онугуу» аттуу программасынын алкагында уюшулган.
Тегерек столго BIO-KG федерациясы жана «Эко Ферма» (Ecomade), «Глобус», «Фрунзе», «У дома» деген соода маркаларынын өкүлдөрү катышты.