"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

USAIDCTJ органикалык аймактарды фермерлери үчүн тренингдерди колдоп берди

Айыл чарба тармагын, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, соода жана иш менен камсыз кылуу долбоору – USAIDCTJ  платформасы BIO-KG федерациясына  органикалык дыйкандарды окутуу жагынан ресурстук колдоо көрсөттү.

Тактап кеткенде, органикалык аймактардын жүзгө жакын фермерлерине органикалык айыл-чарбага үйрөнүү: жер айдоодон баштап органикалык азыктарды  соодага чыгаруу жана органикалык сертификатты алуу жолдору менен тренерлер Асан Алымкулов жана Майрамбек Боронбаев кеңири тааныштырышат.

Тренингдер үч күн бою өтөт жана анда ийгиликтүү органикалык фермерлер өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт.