Федерация органического движения "BIO-KG"

Развитие органического сельского хозяйства в Кыргызской Республике

Аксы районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын фермерлери тарабынан органикалык аймак уюштуруу, анын алкагында органикалык айыл чарбасын окутуп-уйротуу менен таза продукция ондуруп, сертификатка даярдоо маселеси бир нече ирээт которулуп келген эле.
Ошондуктан Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы жергиликтуу айыл окмоту менен бирдикте 2017-жылдын 14-апрелинде Жерге-Талайыл аймагында «Органикалык аймакты уюштуруу жана анын алкагында аткарылуучу иштер тууралуу» маалымат жыйынын откорду. Аталган жыйынга 80ден ашуун фермер-дыйкандар, айылдык кеңештин депутаттары, айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлери, райондук айыл чарба башкармалыгынын ѳкүлдѳрү катышты. Жыйындын жүрүшүндѳ органикалык айыл чарбасы жана органикалык аймакты түзүүнүн негиздери тууралуу презентация жасалды. 
Талкуу учурунда айылдык фермерлер Токбаев Кален, Карбозов Жуманазар, Базаралиев Усубалы, Топоев Нармырза жана башкалар чыгып сүйлѳп, айыл эли үчүн бул маанилүү иш экендигин билдиришип, колдоого алышты.
Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Копоева Зулайка айылга келип жаткан Органикалык аймак уюштуруу долбооруна токтолуп, жыйындын катышуучуларын бул багытта активдүү иштешүүгѳ чакырды. Мындан тышкары Жергетал айыл аймагында органикалык аймакты уюштуруу маселеси боюнча айыл ѳкмѳтү менен BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясынын ортосунда ѳз ара кызматташуу Меморандуму макулдашылып, кол коюлгандыгын билдирди.
Жыйындын катышуучулары Жерге-Тал айыл аймагында органикалык аймак уюштуруу маселесин тездетүү жана шарт түзүү максатында атайын протоколдук чечим кабыл алышты. Ошону менен бирге долбоордун алкагында аткарылуучу иш-чараларга активдүү катышуу бүтүмүнѳ келишти.