Федерация органического движения "BIO-KG"

Развитие органического сельского хозяйства в Кыргызской Республике

«BIO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясы жана ИФОАМ Азия тарабынан “Органикалык айыл чарбасы, кошумча нарк чынжырын уюштуруу, катышуу аркылуу кепилдик берүү системасытемаларында окуутренинги уюштурулуп, ал Германия Эл аралык кызматташтыгы (GIZ) жана «ИСУР» коомдук фондусунун каржылоосу алдында 2017-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейин Каракол шаарында өткөрүлдү.
Окуу-тренингине “ИФОАМ Азия” (Азия өлкөлөрүнүн башын бириктирген Эл аралык кыймыл Федерациясы) уюмунун Президенти Чжоу Чжецзян, аткаруучу директору Дженнифер Чанг, «BIO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясынын кызматкерлери, Германия Эл аралык кызматташтыгы (GIZ) уюмунун кызматкерлери, Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл областарындагы органикалык аймактардын өкүлдөрү-фермерлери, Талас районундагыБеренайыл чарба кооперативинин, Аксы районундагыАксыбиоайыл чарба кооперативинин, Аксуу районундагыЫсык-Көл органикайыл чарба кооперативинин жетекчилери, “Биосервискоомдук фондусунун кызматкерлери, “Тоолуу аймактарда тамактанууну жакшыртуу долбоорунун кызматкерлери жана айылдык кызмат көрсөтүүчөлөрү катышышты.