Федерация органического движения "BIO-KG"

Развитие органического сельского хозяйства в Кыргызской Республике

Кыргызстанда органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча мамлекеттик стандарттардын иштелип чыкпагандыгы, адистешкен сертификаттоо уюмдарынын жоктугу органикалык айыл чарбасын жайылтууга өз кедергисин тийгизүүдө. Бул багытта, жалпы эле стандарт жана сертификаттоо маселелеринде тажрыйба аз болгондуктан,органикалык кыймылды колдоочуларга жетиштүү көмөк көрсөтүлбөй жатат.
Ошондуктан Био-KG органикалык кыймыл Федерациясынын өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин алдындагы стандартташыруу жана метрология борбору тарабынан 2018-жылдын 13-февралында тегерек стол уюштурулуп, төмөнкү багыттар боюнча окуулар өткөрүлдү:
- КМШ (СНГ) өлкөлөрүндөгү стандарттар жана техникалык комитеттер;
- Стандарттарды иштеп чыгуу жана бекитүү жолдору (жеке жана мамлекеттик), аларды колдонуу;
- Улуттук Аккредитациялоо системасы;
- HACCP (ИСО 22000) стандарттары жана тамак-аш азыктарынөндүрүүдөгү коопсуздук системасы;
- ТР ТС 021-2011 “Тамак аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө”.

Тегерек столдо жасалган презентациялар суроо-жооптор менен коштолуп, талаш жараткан маселелер менен активдүү талкуу ирээтинде өткөрүлдү. 
Жыйынтыгында Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн керектүү стандарттарды иштеп чыгуу боюнча арбын иштерди аткаруу зарылдыгы белгиленип, биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү жагы макулдашылды.
Өлкөбүздөгү органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, ал үчүн тийиштүү стандарттарды жана эрежелерди иштеп чыгуу багытындагы аракетибизди баалап, кызматташууга чакыргандыгы жана бизге арнап атайын тегерек стол уюштуруп бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин алдындагы стандартташыруу жана метрология борборунун директору Б. Адамбаевге жана эмгек жамаатына чын дилден чыккан ыраазычылык билдиребиз.