Федерация органического движения "BIO-KG"

Развитие органического сельского хозяйства в Кыргызской Республике

Био Мурас Коомдук Фондунун демилгесинде, BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясынын уюштуруусу жана жергиликтүү элдин күчү менен 2018-жылдын 28-29-июлунда Талас районундагы Талды-Булак жана Көпүрө-Базар органикалык аймактарында Тоолуу түпкү элдердин эл аралык тутумунун (International Network of Mountain Indigenous People (INMIP) алкагында билим жана тажрыйба алмашуу максатында жыл сайын өтүүчү 5-эл аралык жолугушуу маданий иш-чаралары жана семинары өттү.
Семинарда катышуучулар (чет өлкөдөн 42 адам, Республиканын башка аймактарынан 45 адам) органикалык аймактарда аткарылып жаткан иштердин абалы менен таанышып, өз ара тажрыйба алмашуу максатында презентациялык баяндамалар айтылып, талкуу иштери жүргүзүлдү. 
Иш-чарага дүйнөлүк тутумга мүчө болгон Бутан, Индия, Китай, Кения, Кыргызстан, Мексика, Папуа Жаңы Гвинея, Перу, Тажикистан, Таиланд, Тайвань, Филиппин өңдүү 12 мамлекеттин өкүлдөрү, ошондой эле донордук уюмдардын (АКШ, Франция, Италия, Швеция) жана фонддордун, мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өнөктөш жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, фермерлер, ишкерлер катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде азыркы учурдагы биоартүрдүүлүктү башкаруу көйгөйлөрүн талкуулоо, климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү боюнча көйгөйлөрдү чечүү жолдорун аныктоо, биомаданий түркүмдүүлүктү сактоо жана биомаданий мурас аймагын түзүү жолу менен миграцияны азайтуу ыкмалары талкууланды.